Филиппиндин президенти: “Тандоо сиздики: эмдөөдөн өтүңүз же мен сизди түрмөгө олтургузам”

Филиппиндин президенти Родриго Дутерте коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөн жарандарды камакка алуу керектигин айттып коркутту. Ошондой эле ал коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр өлкөдөн чыгып же Индия менен АКШга кетишсин деп айтты. Мунун себеби индиялык штаммдын бат жайылып жаткандыгы. Өлкө башчысы жыйын учурунда “Тандоо сиздики: эмдөөдөн өтүңүз же  мен сизди түрмөгө олтургузам” деп элге кайрылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Филиппинде эмдөө программасы март айында башталган, бирок бир нече эмдөө тилкелеринде эмделүүгө келгендердин саны аз. Жарандар «Pfizer-BioNtech» вакцинасынын чектелген көлөмүн алууга аракет кылып жатышат. Дутерте буга чейин пандемия учурунда изоляция чектөөлөрүн бузгандарды атып салам деп да коркуткан эле. Маалымат боюнча, 110 миллион кишиден турган калктын болжолдуу түрдө 1,95 пайызы гана эмдөөдөн өткөн. Филиппин өкмөтү  8,4 миллион доза вакцина жасалганын билдирген. Кеминде 6,2 миллион адам биринчи дозасын алышкан жана 2,15 миллиону толук эмдөөдөн өткөн.

Кечээ, 22-июнда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мирна Каботайе президенттин коркутуусу «ачуулануу менен айтылды» деп түшүндүрдү. Ал элдин саламаттыгын коргоо үчүн бул сөздү айтууга мажбур болду деди. Бийлик эмдөөнү мыйзамдын алкагында милдеттүү кылуу жагы да караштырып жаткан маалым болду.