Меган Маркл, Билли Айлиш… Жылдын эң таасирдүү аялдары аталды

Financial Times басылмасы 2022-жылдын эң таасирдүү 25 аялдын тизмесин жарыялады. Тизмеге Улуу Британиянын ханзаадасы Гарринин жубайы Меган Маркл, кечелерден улам чырга кабылган Финляндиянын премьер-министри Санна Марин жана белгилүү ырчы Билли Айлиш бар.

Кошумчалай кетсек, тизмеде Колумбиянын вице-президенти Франсиа Елена Маркес Мина, АКШнын Жогорку сотунун биринчи кара терилүү судьясы Кетанжи Браун Жексон, Пакистандын климат министри Шерри Рехман, өлкөдөгү суу ташкындары көйгөйүнө көңүл буруп, Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты украиналык “Жарандык эркиндиктер борбору” укук коргоо уюмунун жетекчиси Олександра Матвичук, Барбадостун премьер-министри Миа Моттли, Yves Saint Laurent мода үйүнүн аткаруучу директору Франческа Беллеттини бар. 

Эң таасирдүү аялдардын катарына Махса Амини аттуу кыздын өлүмүнөн кийинки нааразылык акцияларына катышкан ирандык аялдар да кирген.