Forbes Дуровду «Дубайдын эң бай адамы» деп жарыялады

«ВКонтакте» соцтармагынын жана Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү, азыркы тапта Дубайда жашап жаткан Павел Дуров Forbes журналынын жаңы версиясында Бириккен Араб Эмираттарынын эң бай ишкерлеринин сап башына чыкты.

2021-жылкы рейтингде Дуровдун байлыгы 17,2 миллиард долларга бааланат, бул былтыркыга салыштырмалуу 13,8 миллиард долларга көп. Мындай жыйынтык менен Дуров байлыгы боюнча экинчи орунда турган Бириккен Араб Эмираттарынын тургуну, LuLu Group International компаниясынын негиздөөчүсү Юсуфф Алиден 12,4 миллиард доллар алдыда. Теги индиялык бул жарандын байлыгы 4,8 миллиард долларга бааланат.

Дубайда жашоо чечими тууралуу Дуров 2017-жылы жарыялаган. Ал өзүнүн тандоосун  Dubai Media City экономикалык аймагында салыктардын жоктугу менен түшүндүргөн.