Фотограф 600 миң сүрөттөн Юпитердин деталдуу сүрөтүн чогулткан (видео)

Америкалык астрофотограф Эндрю Маккарти Юпитердин сүрөтүн чогулткан. Үзгүлтүксүз сүрөт үчүн ага эки сааттай убакыт кеткен. Бул тууралуу Space.com жазды.

Маккарти 11 дюймдук телескоп менен камераны колдонуп, секундасына 80ге жакын кадрды тартып, анан атайын программалык камсыздоонун жардамы менен аларды компьютерде бириктирген. «Бул сонун планета. Анан сүрөттөрдүн саны көп көрүнгөнү менен, мен аларды секундасына 80ге жакын ылдамдыкта тарттым. Аларды бириктирүүгө эки саат кетти», — деди ал. 

Астрономдордун айтымында, быйыл Юпитер Жерге акыркы 59 жыл ичинде эң жакын келген. Ал 591 миллион километр аралыкта болот, бул 1963-жылдан бери Жерге эң жакын аралык.