Abank_nov
SerepTV Logo

Францияда он миңдеген адам жаңы нааразылык акцияларына чыкты

Францияда он миңдеген адам жаңы нааразылык акцияларына чыкты

Францияда он миңдеген адам жаңы нааразылык акцияларына чыкты. Алар жашоо-турмуштун кымбаттап жатканына, ошондой эле бийликтин полиция кызматкерлерине кеңири укуктук коргоо берүүнү көздөгөн демилгесине каршы чыгышты. Акциялар Парижде жана өлкөнүн башка шаарларында өттү.

Франциянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча көчөлөргө 106 миңдей адам чыкса, анын 24 миңи борбор калаа Парижде болгон. Бул акыркы апталардагы акцияларга катышкандардын эң төмөнкү көрсөткүчү. Ал эми студенттик уюмдар катышуучулардын санын болжол менен 200 миң деп баалашты. Алардын дээрлик 100 миңи Парижде болгон.

Париждеги акцияга студенттер, кесиптик бирлик активисттери жана «сары жилеттер» кыймылынын өкүлдөрү катышты. «Адилеттик жок болсо, тынчтык да жок», — деп акцияга чыккандардын бири мегафон аркылуу ураан чакырды.

AFP агенттигинин маалыматына ылайык, жалпы жонунан акциялар тынч өттү. Бирок акыркы апталардагы айрым нааразылык акцияларында кагылышуулар жана вандализм фактылары катталган.

Франциядагы нааразылык кыймылы саясий чыңалуу күчөп турган шартта уланууда. Өлкөдө мектептердин блокадасы жана массалык акциялар бир айдан ашык убакыттан бери уланып келет. Президенттик шайлоого бир жылга жетпеген убакыт калды.

Коомдук пикирди сурамжылоолорго ылайык, учурда алдыда ашынган оңчул оппозиция турат.

SEREP MEDIA