Францияда коомдук жайларда адамдарга массалык түрдө «ийне сайган» деп шектелип 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Франциядагы Тулон шаарында өткөн концертте 20 чакты адам сайылган ийнеден жабыр тартып, ызы-чуу түшүп калышкан. Окуя болгон жерге «Тез жардам» кызматы менен полиция кызматкерлери чакырылган. Жабырлануучулардын арасынан бирөө ооруканага жаткырылган. Кылмышка шектүүнү концерттеги эки адам таанып, полицияга көрсөтүшкөн. Шектелип кармалган 20 жаштагы жаран окуяга катыштыгы жок экендигин айткан. Бирок прокуратура күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү иш козгоого жетиштүү деп билдирген.
Буга чейин Францияда 300дөн ашык адам коомдук жайлардан белгисиз бирөө ийне сайып кеткендигин айтып, арызданышкан.