Францияда карантин кайрадан жарыяланды

Францияда 11-майга чейин карантин жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кийинки жумадан баштап Францияда окуучулар онлайн окууга кайрадан өтөт. Аларга 12-апрелден тарта эки апталык жазгы каникул да башталат. Андан кийин бала бакчалар менен башталгыч класстын окуучулары үчүн мектептер иштеп баштайт. Колледж, лицейлердин студенттери 3-майдан тарта аралыктан окууну баштайт.

Белгилей кетсек, 20-марттан баштап Франциянын 16 департаментине, анын ичинде Париж шаарына карантиндик чектөө киргизилген. Бир жумадан кийин алардын катарына дагы үч департамент кошулган. Ошондой эле өлкөдө азык-түлүк дүкөндөрү, дарыканалардан башкасы бүт жабылып, аймактар аралык каттоого тыюу салынган.

Францияда пандемия башталгандан бери 4,5 миллиондон ашуун адам коронавируска чалдыгып, алардын 95 миңден ашууну набыт болгон.