Францияда коронавирусту жок кылууга жөндөмдүү бет кап чыгарылды

Франциянын «BioSerenity» компаниясы COVID-19 вирусун жок кылууга жөндөмдүү бет кап ойлоп тапканын жар салды. Бул тууралуу «BFMTV» телеканалы билдирди.

Бет кап төрт катмардан турат. Анын бири вируска каршы турчу касиетке ээ.

Компаниянын директору Марк Фруендин айтымында, бет капты бир гана жолу колдонуш керек. Бет кап өзүн-өзү зыянсыздандыра ала тургандыгы менен айырмаланат.

Бет каптын баасы 1,49 еврону түзөт. Ошондой эле анын хирургиялык версиясын сертификациялоо жана медициналык адистерге жөнөтүү пландалууда.

Бет капты Лилль университетинин ооруканасынын, Улуттук саламаттыкты сактоо жана медициналык изилдөө институтунун жана Улуттук илимий изилдөө борборунун адистери иштеп чыккан.