Францияда коронавирустун «дельта» штаммы бат жайылууда

Коронавирустун “дельта” штаммы Фрацияда бат жайылууда. Вирустун бул түрү күнүнө 4600 ашык адамдан аныкталып жатат.

Франциянын Саламаттыкты сактоо министри Оливье Веран сактык чаралары көрүлбөсө, августтун башында күнүнө 20 миңге чейин жетиши мүмкүн деп билдирди. Ошондой эле министр коомчулукту алдын ала сактанып вакцина алганга чакырды. Анын айтымында, вируска каршы эмдөөдөн кийин ооруканаларга келген бейтаптардын саны кыскарган.