Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуров Париждин Ле Бурже аэропортунда кармалганын TF1/LCI телеканалы билдирди. Франциянын жарандыгын алган ишкер убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
39 жаштагы ишкер 24-август, ишемби күнү кечинде жеке учагынан чыгып бараткан жеринен кармалган. Ал Азербайжандан барганын айткан. Маалыматтарга ылайык, ал терроризм, баңги аткезчилиги, алдамчылык, адалдоо, уурдалган нерсени сатып алуу үчүн айыпталышы мүмкүн.
Павел Дуров Санкт-Петербургда төрөлүп, билим алган. Ал Орусиянын, БАЭнин, Франциянын жарандыгын алган. ВКонтакте социалдык тармагынын жана Telegram мессенджеринин негиздөөчүсү. 2014-жылы Орусиядан кеткен. Ал Forbes журналындагы эң бай орусиялыктардын рейтингинде сегизинчи орунда турат.