Францияда үкүлөрдүн тынчын алып, уясын бузуп алган фотограф жазаланды

Францияда үкүлөрдүн тынчын алган фотограф жазаланды. Евразия бүркүтүнүн уясына видеого тартуучу аппарат орноткон фотографка 1500 евро айып салынды. Бул тууралуу TRT Хабер агенттиги жазды.

Франциянын Марсель шаарындагы Каланк улуттук паркы коргоого алынган аймактардын бири. Парктын кызматкерлери сүрөтчү аппаратты үкү балдары уяда жүргөндө орнотуп натыйжада уяны бузуп алганы аныкталган. Мындан улам сот фотографты улуттук паркка жана экологиялык кайрымдуулук уюмдарына  2700 евро которууга милдеттендирген.

Бүркүт үкүлөрү жумуртка таштоо үчүн жылына 1 же 3 жолу Марсельдеги таштарды колдонушат. Аймактагы кээ бир альпинизм жолдору үкүлөрдүн көбөйүү мезгили болгон үчүн жабылат.