Франциянын депутаты, миллиардер Оливье Дассо көз жумду. Бул тууралуу Франциянын президенти Эмманюэль Макрон билдирди.
Маалыматка караганда, Дассо тик учактын кулашынан каза болгон. Кырсык Нормандияда катталып, менчик тик учактын учкучу да набыт болгон.
“Оливье Дассо Францияны жакшы көрчү. Ал өмүрүндө эч качан өлкөбүзгө кызмат кылууну жана мекенди баалоону токтоткон эмес. Анын күтүлбөгөн өлүмү чоң жоготуу», — деп жазган Макрон Твиттердеги баракчасына.
Маркум авиациялык Dassault Aviation компаниясынын негиздөөчүсү Марсель Дассонун небереси болгон. Алардын үй-бүлөсү Dassault Group компаниялар тобуна жана Le Figaro гезитине ээлик кылат. Forbes’тин маалыматы боюнча, Ольвье Дассонун байлыгы 7 миллиард доллардан ашчу.