Франциянын мурунку президенти Франсуа Олланд 67 жашында алгачкы жолу үйлөндү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Франсуа Олланд менен анын сүйүктүүсү, 50 жаштагы актриса Жюли Гайенин үлпөт тою 4-июнда өткөн. Маалыматка ылайык, 2014-жылы Франсуа Олланд жарандык жубайы, журналист Валери Триервейлер менен жашап жүргөндө анын актриса Жюли Гайе менен көңүлдөш экендиги ачыкталган. Ошондо экс-президент мындан ары бойдок статусунда жашап, эч качан үйлөнбөй турганын айткан.
Франсуа Олланд Франциянын 45-президенти. Ал 2012-жылдан 2017-жылга чейин өлкөнү башкарган.