«Европада жана АКШда Орусия менен согушууга эч кимдин каалоосу жок». Бул тууралуу Франциянын коргоо министри Флоренс Парли «RTL» радиостанциясынын эфиринде билдирди.
Анын айтымында, азыр негизги максат — Украинанын чыгышында ок атышууну эртерээк токтотуу. «Бир дагы европалык мамлекет же АКШ Орусия менен согушууну каалабайт. Биз каалаган нерсе — бул коркунучтуу баскынчылыкты мүмкүн болушунча тезирээк токтотуу», — деди ал.