Франциянын 70 жаштагы экс-президенти Николя Саркозинин кыймылына бир жылга чектөө коюлат: ал үйдөн 8:00дөн 20:00гө чейин, сот күндөрү 21:30га чейин чыгууга болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
2021-жылы ал коррупция жана судьяга пара берүү аракети боюнча күнөөлүү деп табылган. 2014-жылы ал 2007-жылдагы шайлоо өнөктүгү үчүн мыйзамсыз каржылоо иши боюнча тергөө жөнүндө маалымат алуу үчүн судьяга пара берүүгө аракет кылган. Мындан сырткары Ливиянын маркум диктатору Муаммар Каддафиден шайлоо кампаниясы үчүн 50 миллион евро алган деп айыпталган.
Саркози бир жыл түрмөдө отуруп, эки жыл шарттуу кесилген, бирок жаза электрондук билерик менен үй камагына алмаштырылган.