Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана анын жубайы Брижит француз лидеринин жубайы эркек болуп төрөлгөн деп айткан блогер Кэндис Оуэнске каршы арыз жазышты. Бул тууралуу Би-Би-Си билдирет.
218 барактан турган доо арыз Делавэр сотуна берилгенин Франс Пресс басылмасы билдирди. Анда Оуэнс акылга сыйбаган, абийирге шек келтирген ушакты таратып жатканы айтылат.
Социалдык тармактарда миллиондогон катталуучусу бар Оуэнс Брижит Макрон жынысын алмаштырганын кайра-кайра айтып чыккан. Ал ошондой эле «Брижитке айлануу» деген бир катар видеолорду чыгарган.