Француз 8 жыл ширеңкеден Эйфель мунарасын жасаган. Гиннесстин рекорддор китеби аны каттоодон баш тартты

Гиннесстин рекорддор китебинин өкүлдөрү ширеңкеден жасалган Эйфель мунарасынын 7 метрлик макетин каттоодон баш тартышты. Бул тууралуу TF1 кабарлады.

Маалыматка караганда, 47 жаштагы француз Ришар Пло Эйфель мунарасынын миниатюрасын 6 айга жакын жасап, долбоордун өзүнө 8 жыл кетирген. Мунара 706 миң 900 ширеңкеден курулган. Анын Эйфель мунарасынын макети ширеңке таякчасынан жасалгандардын эң бийиги экени белгиленген. 

Бирок Гиннесстин рекорддор китебинин адистери рекордду эсептешкен эмес. Алардын мындай чечимди макетте дүкөн ширеңкелери колдонулушу керек болгонун жүйө келтиришкен. Алардын күйүүчү күкүрт учтары кесилип, бирок формасы өзгөрбөшү керек болчу. Ал эми Пло ширеңкени күкүртү жок кылып, атайын буйрутма берип жасаткан. Ал башында дүкөндөн сатылган ширеңке менен жасай баштаган, бирок анын күкүртүн кесүүдөн тажап, жаңы ыкма ойлонуп, буйрутма бере баштаган. 

Француз Гиннесстин рекорддор китебинин чечимин “чоң көңүл калуу” деп атады. Алар мунараны көрбөй туруп, арызды четке кагышкан. Ошондуктан, азырынча рекорд ливандык мастер Туфик Дахерде калууда. 2009-жылы ал 6,53 метр бийиктиктеги моделин тартуулаган.