Футбол чемпиондугунда спорттук журналист каза болду

Америкалык журналист, CBS телеканалынын кызматкери жана «Бекхэм эксперименти» китебинин автору Грант Уол Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Нидерланддар менен Аргентинанын ортосундагы беттешти чагылдырып жатып, каза болду. Бул тууралуу АКШнын Футбол федерациясы билдирди.

Беттеш аяктап баратканда Уол эсин жоготкон. Ал жаткан жерге медицина кызматкерлери барып, ооруканага алып кетишкен. Бирок ал ооруканага жетпей 48 жашында каза болду.