Италияда футбол күйөрмандары кокустан стадионду өрттөп жиберишти

Италиянын футболдук стадионунда көрүүчүлөр тараптан кокустан өрт чыгып, стадион жараксыз абалга келген. Бул тууралуу Tengri Sport  жазды.

«Таранто» жана «Фоджа» командаларынын оюнунан кийин көрүүчүлөр тараптан тутанган өрт стадионду толук каптаган. Өрттүн келип чыгуусуна желим буюмдун күйүшү себеп болгон. Кырсыктан жабыркагандар жок.

«Фоджа» клубу окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын, күнөөлүүлөр аныкталарын билдирген. Стадион толугу менен күйүп кеткендиктен «Таранто» командасы машыгуу үчүн жерсиз калгандыгын кошумчалаган.