Футболчу Лионель Месси коштошуу маалымат жыйынында көз жашын тыя алган жок (видео)

Чабуулчу Лионель Месси «Барселонадан» кеткенине байланыштуу коштошуу маалымат жыйынында көз жашын төгүп жиберди.

Аргентиналык футболчу жыйын башталганга чейин эмоциясын кармай алган жок. Журналисттер чабуулчуну кол чабуулар менен колдошту.

5 -августта «Барселона» Месси менен болгон келишимин узартпай турганын жарыялаган. Бул испан лигасынын регламентинде жазылган финансылык жана структуралык тоскоолдуктарга байланыштуу экенин билдиришкен.