Гаитиде 400дөн ашык кылмышкер абактан качып чыгышты

Гаитинин борбору Порт-о-Пренстеги түрмөдөн 400дөн ашуун кылмышкер качып кетти. Качуунун кесепетинен түрмөнүн башчысы менен кошо 25 адам каза болгонун дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Жабыркагандардын арасында түрмөгө тиешеси жок, четте турган жарандар да бар. Алар кылмышкерлер тарабынан өлтүрүлгөн.

Качкандардын арасында белгилүү кылмыштуу топтун башчысы Арнел Жозеф дагы болгон, ал качып кеткенден бир нече саат өткөндөн кийин полиция кызматкерлери тарабынан атып өлтүрүлгөн.

Качуунун жагдайлары так эмес. Күбөлөрдүн айтымында, биринчи алар атылган октун үнүн угушкан. Андан кийин туткундар көчөлөрдө көрүнгөн. Абактын жанындагы кийим дүкөндөрүнүн ээлери товарлардын бир бөлүгүн кирип келген кылмышкерлерге беришүүгө мажбур болушканын айтышкан.

«Круа-де-Буке» абагы 872 кылмышкерди батыра алат. Бирок Гаитинин бийлиги абакта 1500 кылмышкер болгонун айткан.