Гаитиде жаандан улам ташкын болуп, жер көчкү жүрүп жатат (видео)

A woman walks through a flooded market in Port au Prince. Hurricane Sandy passed to the west of Haiti October 25, 2012 causing heay rains and winds, flooding homes and overflowing rivers. Photo Logan Abassi UN/MINUSTAH

Гаитиде «Арлен» бороонунан улам нөшөрлөгөн жамгыр жааган. Жаан-чачындын кесепетинен бир нече дарыялар ташкындап, бир катар аймактарда жер көчкү жана сел жүрдү.

Кесепетинен 15 адам каза болуп, дагы 8 адам дайынсыз жоголгон. 7475 үй-бүлө жабыркаган, 1219 үйдү суу каптап, 13 миң 390го жакын адам коопсуз аймактарга көчүрүлгөн.