Гаитиде кулаган учактагы адамдар набыт болушту

Гаитинин борбору Порт-о-Пренстин түштүк-батышында чакан учак кулап, алты адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, эки моторлуу учак Жакмель шаарына учуп бара жатып кулаган. Анын ичинде 6 адам болгон жана анын баары бул кырсыктын курмандыгы болушту. Учактын кулашынын себептери азырынча белгисиз, кырсык боюнча тергөө иштери башталууда деп жазылган маалыматта. Учак Гаитинин мурдагы депутатына таандык экендиги айтылууда.