Гаитинин лидери БУУда сөз сүйлөп жатып стакан таппай, ыңгайсыз абалга туш болду (видео)

Гаитинин убактылуу президенттик кеңешинин төрагасы Эдгар Леблан Филь БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып, графиндеги сууну ичип, өзүнө да төгүп алган.

Филь стакан издеген, бирок таппай калган. Ага көңүл бурбаган лидер оозун сүртүп, сөзүн улаган.