Гаитинин президенти резиденциясында атып өлтүрүлдү

Гаитинин президенти Жовенель Моизди резиденциясында белгисиз адамдар атып кетишти. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Клод Жозеф билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчысына 7-июлга караган түнү кол салуу болгон. Кылмышкерлер президенттик резиденциянын аймагына кирип, аны бир нече жолу атып кетишкен.

«Айрымдары испан тилинде сүйлөгөн белгисиз куралдуу адамдар президенттик резиденцияга кол салышты», — деди Жозеф. Ал кошумчалагандай, кол салуунун кесепетинен Гаитинин биринчи айымы Мартин Мари Этьен Жозеф дагы жаракат алган. Анын абалы айтылган жок. Гаити президентин ушул жылдын февраль айында өлтүрүүгө аракет кылышкан. Атайын кызмат кол салуунун алдын алууга жетишкен.

Жовенель Моиз 2017-жылы 7-февралда Гаитинин президенти болуп шайланган. Ал 1968-жылы 26-июнда туулган. Атасы соодагер жана дыйкан, ал эми энеси тигүүчү болгон.