Гарри жана Меган Маркл тууралуу даректүү сериалдын биринчи тизери чыкты (видео)

Netflix ханзаада Гарри менен анын жубайы Меган Марклдын уюму жараткан сериалдын тизерин чыгарды. Тасма кийинки жылы жарыкка чыгат. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыгышты.

Трейлерде жубайлардын үй-бүлөлүк сүрөттөрү көрсөтүлөт. Сүрөттөрдүн биринде Мегандын кош бойлуулуктун акыркы күндөрү тартылган. Жубайлар кубанычтуу көз ирмемдерди гана эмес, падышалык үй-бүлөдөгү жашоосунда башынан өткөргөн окуялары менен да бөлүшүшкөн.

Долбоор ноябрда чыгышы керек болчу, бирок Netflix премьераны кийинкиге калтырды. «Алар даректүү тасманы токтото турууну чечишти», — деп айтылат маалыматта.