«Гарри Поттер» тасмасындагы актер Пол Гранттын жансыз денеси табылды

«Звездные войны» жана «Гарри Поттер» тасмаларынын актёру Пол Гранттын жансыз денеси Лондон вокзалынын жанынан табылды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты. 

Анын жансыз денеси 16-мартта Лондондун Кингс Кросс темир жол вокзалынын жанынан табылган. Маалыматка караганда, бою 132 сантиметр гана болгон 56 жаштагы Грант эсин жоготуп кулаган. Окуяга күбө болгондор дарыгерлерди чакырып, алар өз кезегинде актердун өлүмүн катташкан. Азырынча өлүмүнүн себеби айтыла элек. Анын өлүмү тууралуу маалымат коомчулукка кечээ гана маалымдалды.