«Гарри Поттер» тасмасынын жылдызы, актриса Мэгги Смит көз жумду

Актриса Мэгги Смит 89 жашта болчу. Бул кабарды анын уулдары Крис Ларкин жана Тоби Стивенс өз билдирүүсүндө тастыкташты.

Алардын айтымында, ал 27-сентябрда таңга маал каза болгон.

Мэгги Смит — бир катар популярдуу долбоорлордогу ролдору менен эсте калган көрүнүктүү актриса, алардын бири «Гарри Поттер» тасмаларындагы профессор Минерва МакГонагаллдын ролу.