Гавайи аралында жанар тоо жыл ичинде үчүнчү ирет жанданды (видео)

11-сентябрга караган түнү Гавайи аралында Килауэа жанар тоосу кайрадан атыла баштаганын АКШнын Геологиялык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жанар тоодон чыккан оттун учкундары жана түтүн абанын сапатын начарлатып, калктын дем алуусуна терс таасирин тийгизет деп эскертет. Бул жанар тоонун атылышы штаттын инфраструктурасына коркунуч туудурбайт, анткени Килауэа жанар тоосу чоң аралдагы улуттук парктан, калк жашаган аймактардан алыс жайгашкан.

Килауэа вулканы дүйнөдөгү эң активдүү жанар тоолордун бири жана Гавайидеги экинчи чоң вулкан. Ал быйыл үчүнчү жолу атылып жатат. Акыркы жолу ал 7-21-июнда активдүү болгон.