«Газа тилкеси балдардын мүрзөсүнө айланып бара жатат» дейт БУУнун баш катчысы

«БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш дагы бир жолу Газада жарандарга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн ок атышууну тез арада токтотууга чакырып, Газа тилкеси балдардын көрүстөнүнө айланып баратканын айтты» деп жазат Би-Би-Си.

Ал Газага тез арада генераторлор үчүн керектүү күйүүчү майды жеткирүү керектигин баса белгиледи. «Келип түшкөн маалыматтарга ылайык, жүздөгөн балдар күн сайын каза болуп же жаракат алууда. 4 апта ичинде соңку 30 жыл ичинде башка чыр-чатактарда каттала элек эң көп сандагы журналисттер өлтүрүлдү. Биздин уюмдун тарыхында биринчи жолу эң көп сандагы БУУнун кызматкерлери өлтүрүлдү», — деди БУУнун баш катчысы. 

Ошол эле учурда Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин «Газа балдар көрүстөнүнө айланып баратат» деген сөзүнө «Уят, Гутерриш!» деп жооп берди.

Газа тилкесинин саламаттыкты сактоо министрлиги кечээ, 6-ноябрда каза болгондордун саны 10 миң кишиден ашканын билдирген.