Газада 3 жумада 3 миңден ашык бала көз жумду

Газада 3 жумада эле каза болгон балдардын саны акыркы 3 жылдан берки дүйнө жүзү боюнча куралдуу кагылышууларда набыт болгон бөбөктөрдүн санынан ашты. Бул тууралуу эл аралык кайрымдуулук Save the Children уюму билдирди.

Уюм Газа секторунун жана Израилдин саламаттыкты сактоо министрликтеринин маалыматтарына таянып, 7-октябрдан бери кагылыштан 3257ден ашык бала каза болгонун билдирди. Анын ичинен 3195и Газада, 33ү Батыш жээкте жана 29у Израилде.