Газада оорукана жардырылып, 500дөн ашуун киши каза болду

Газада оорукана жардырылып, 500дөн ашуун киши каза болуп, үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Кечээ, 17-октябрда Газа тилкесиндеги Аль-Ахли ооруканасы аба соккусуна дуушар болуп, кеминде 500 киши каза болгону маалымдалган. ХАМАС муну «аскердик кылмыш» деп атоо менен буга Израилди күнөөлөсө, ЦАХАЛ «Ислам жихад» тобун айыптаган. Израиль аскерлеринин маалыматы боюнча, согушчандар тарабынан Израилди көздөй коё берилген ракеталардын бири ооруканага түшкөн.