Германия AstraZeneca вакцинасын алууга уруксат берди

Германия Өкмөтү алтымыштан ашкан адамдарды коронавируска каршы эмдөөдө AstraZeneca вакцинасын колдонууга уруксат берген чечим кабыл алды. Бул чечим 31-марттан тарта күчүнө кирди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, 30-мартта Роберт Кох институтунун Вакцина боюнча туруктуу комиссиясы (СТИКО) AstraZeneca вакцинасын колдонуу сунушун өзгөрткөн. Комиссиянын корутундусунда бул вакцинанын 60 жашка чейинки адамдарга терс таасир бергени айтылды. Ошол эле учурда алытымыштан ашкан карылар үчүн коопсуз экени белгиленди.

Буга чейин Европанын бир катар өлкөлөрү эмдөөдөн кийин кандын уюп калышына байланыштуу AstraZeneca вакцинасын колдонууну убактылуу токтотушкан. Анткен менен бир нече күн мурда Европанын Дары-дармектер боюнча агенттиги вакцинаны коопсуз жана таасирдүү деп табышкан.