Германия коронавирустун үчүнчү толкуну тууралуу жарыялады

Германиянын канцлери Ангела Меркель өлкөдө вирус жуктургандардын саны кескин өскөнүн жана коронавирустун 3-толкуну келатканын жарыялады.

«Биз азыр үчүнчү толкунду баштан кечирип жатабыз, оору жуктургандардын санынын өсүүсү байкалууда. Коронавирустун британдык мутациясы үстөмдүк кылып жатат, чынында биз жаңы пандемия шартында жашап жатабыз», — деди Меркель бүгүн бундестагда сөз сүйлөп жатып.

Ошондой эле Ангела Меркель жарандарды жума сайын коронавируска карата тест тапшырууга чакырды, ал мамлекет тарабынан бекер жасалат.

Жонс Хопкинс университетинин 25-мартка карата алынган маалыматында Германияда 2,7 млн киши COVID-19 жуктурган, анын 75 миңи каза тапты.