Германия, Швеция жана Польша бийликтери Москвага жооп катары бирден орус дипломатын өз өлкөлөрүнөн чыгарышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Өткөн аптада Москва «Алексей Навальныйды колдогон демонстрацияларга катышкан» деген жүйө менен Евробиримдиктин үч өлкөсүнүн дипломаттарын Орусиядан чыгарган эле.
Германиянын Тышкы иштер министрлиги 8-февралда «Бүгүн Тышкы иштер министрлиги Берлиндеги Орусия элчилигинин кызматкерин «персона нон-грата» катары жарыялады»,- деген билдирүү таратты.
Швеция менен Польшанын өкмөттөрү да ушундай эле билдирүү таратышты. Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде «Твиттердеги» баракчасына «Бул — өз милдетин гана аткарып жаткан швед дипломатын өлкөдөн чыгаруу боюнча чечимге карата ачык жооп», — деп жазды. Польшанын тышкы иштер министрлиги «Твиттерге» Познань шаарындагы орус консулдугунун кызматкерин өлкөдөн чыгып кетүүсүн суранганын жазды.
Белгилей кетсек, буга чейин Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель Навальныйдын камалышына байланыштуу Евробиримдик Орусияга санкция киргизиши мүмкүн экенин билдирген.