Кылмыш жасаган же исламчыл деп таанылган Сириянын жарандары Германиядан мекенине депортацияланат. Бул тууралуу Германиянын ички иштер министри Нэнси Фезер билдирди.
Министр Өкмөт депортациялоонун укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип Башар Асад бийликтен кулатылгандан кийинки Сириядагы кырдаалды талдоо үчүн Тышкы иштер министрлиги жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып жатканын белгиледи.
Ошол эле учурда Фезер немис тилин үйрөнгөн, жумуш тапкан же окуу жайларына тапшырган сириялыктар депортация болбойт деп баса белгиледи. Ал белгилегендей, Германиянын коомуна кошулган мындай жарандарга калуу укугу берилиши керек. Мындан тышкары, министр мекенине кайтып кетүүнү каалаган сириялыктарды ыктыярдуу мекенине кайтаруу программаларын кеңейтүүнү убада кылды.
Германиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өлкө аймагында Сириянын 974 миң 136 жараны жашайт. Алардын көбү 2015-жылдан кийин келген. Үчтөн экисинен көбүн башпаанек сураган адамдар түзөт. Алардын ичинен 300 миңден ашыгы жарандык согуштан качкын катары жамааттык түрдө алышкан.
Декабрда миграция жана качкындар боюнча федералдык ведомство өлкөдөгү кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу Сириянын жарандарынан башпаанек алуу үчүн жаңы арыздарды кароо убактылуу токтотулганын жарыялаган.