Маркумдан башка тажияда эч бир жан жок… Сооптуу иш кылган Даун синдрому бар ыктыярчы сыйланды

Германияда барган сайын адамдар каза болгондо аларды акыркы сапарга узатууга адамы жок болуп калуусу көбөйүүдө. Мындай учурда ыктыярчылар барышат. Ушул сыяктуу эмгеги үчүн Даун синдрому бар ыктыярчы Германия Федеративдүү Республикасына сиңирген эмгеги үчүн медаль менен сыйланды. 

Жыл сайын 5-декабрда белгиленүүчү Ыктыярчылардын эл аралык күнүндө 39 жаштагы Йоханнес Месус Германиянын президентинен сыйлык алды. Йоханнес Германия Федеративдүү Республикасына кызмат кылгандыгы үчүн медалы менен сыйланган. Ыктыярчы Берлинде жалгыз өлгөндөрдү акыркы сапарга узатуудагы көп жылдык ыктыярдуу иши үчүн сыйлыкка татыды.

Даун синдрому бар 39 жаштагы Йоханнес Месус үчүн өлүм күнүмдүк жашоонун бир бөлүгү болуп калды. Акыркы бир нече жыл ичинде ал Берлин боюнча 200дөн ашык сөөк коюуга катышкан. Алардын ар бир онунчусу маркумдун жакындарысыз өткөн. Ал көмүлгөн адамдардын бирин да таанычу эмес.