Германияда коронавируска чалдыккандардын саны күн сайын көбөйүүдө

Германияда күнүгө 10 миңден ашуун адамдан коронвирус аныкталууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Германияда 14-мартка карата сутка ичинде эле 10 миң 568 адам коронавируска чалдыгып, алардын 239у каза болгон. Аны менен катар ооруканаларда жана үйлөрүндө 143 миң 343 адам дарыланып жатат.

Аталган өлкөдө пандемия башталгандан бери 2 миллион 569 миң 850 адам коронавируска чалдыккан. Алардын 73 миң 907 адам оорудан көз жумган. Мындан улам, дүйнөлүк статистикада Германия дартты жугузгандар боюнча 10-орунда. Ал эми каза болгондордун саны боюнча 8-орунда турат.