Германияда карантиндик чектөөлөр февралдын орто ченине чейин узартылды

Германиянын бийлиги карантиндик чектөөлөрдү 14-февралга чейин узартты. Бул тууралуу өлкөнүн канцлери Ангела Меркель федералдык аймактардын башчылары менен сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.

“Биз карантиндик чектөөлөрдү 14-февралга чейин узартышыбыз керек. Өлкөдө коронавирус жуктургандардын санынын азайышы бизге үмүт берет. Бирок илдеттин жаңы түрү коркунуч туудуруп жатат. Ошондуктан азырынча чектөөлөрдү алып салууга эрте. Мен түшүнүп жатам. Бул жарандар үчүн оңой эмес. Бирок биз келечегибизди ойлошубуз керек”, — деди канцлер.

Ошондой эле, Германиянын жашоочуларына коомдук транспорттордо жана дүкөндөрдө бет капты же респираторду гана кийүүгө буйрук берилди. Ушул убакка чейин мурун менен оозду моюн орогуч менен деле жаап койсо болот эле. Социалдык байланыштарды кыскартуу эрежеси күчүндө калууда. Тактап айтканда, бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү эң көп дегенде бир адам менен жолуга алышат. Мектептер менен бала бакчалар жабык бойдон калууда.