Германиядагы суу ташкынынан 80 адам көз жумса, миңден ашуун адам дайынсыз болууда (сүрөт)

Германиянын батышындагы Арвайлер районунун бийлиги суу ташкынынан болжол менен 1 миң 300 адам дайынсыз жоголду деп эсептейт. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

Буга чейин кырсыктын кесепетинен 58 адамдын набыт болгону айтылган. Акыркы маалыматтарга караганда, 80 адамдын сөөгү табылган.

Кыйроонун кыйын кырдаалына байланыштуу, учурда кырдаалга акыркы баа берүү мүмкүн эмес.

Германияда дүйшөмбүдөн бери жамгыр тынбай жаап жатат. Кырсыктын соккусу батыш жана түштүк-батыш аймактарына тийип, дарыялар, анын ичинде Рейн дарыялары жээктеринен ашып, көчөлөрдү каптап кеттип жатат.