Германиядагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 143 адамга жетти

Германиянын батышындагы Рейнланд-Пфальц жана Түндүк Рейн-Вестфалиядагы суу ташкынынан каза болгондордун саны кеминде 143 адамга жетти. Бул тууралуу Bild жазып чыкты.

Хайнсберг аймагында ишемби күнү кечинде Рур дарыясындагы дамба бузулду. Кельн аймактык өкмөтүнүн маалыматына ылайык, Офховенден Вассерберг аймагына куткаруучулар эвакуацияны башташты. Кырсыктын кесепетинен кеминде 700 адам жараат алган. 

Германияда 12-июлдан бери жамгыр тынбай жаап жатат. Кырсыктын соккусу батыш жана түштүк-батыш аймактарына тийип, дарыялар, анын ичинде Рейн дарыялары жээктеринен ашып, көчөлөрдү каптап кеттип жатат.