Гималай тоосунда мөңгүлөр тез ээрип, жер көчкү жүрүп жатат

Гималай тоосуда акыркы күндөрү мөңгүлөр тез ээрип, жер көчкү жүрүп жатат. Бул тууралуу ВВС жазып чыкты.

Гималайда Жер планетасындагы эң көп сандагы мөңгүлөр жайгашкан. Климаттын өзгөрүүсүнөн улам миллиарддаган тонна муз эрип кеткендиги айтылган. Жакында эле Индиянын Уттаракханд штатында суу ташкыны катталган. Ага мөңгүлөрдүн эригени себеп болгону айтылган.

«Мындай абалдагы тобокелчиликтер тууралуу түшүнүгүбүз чектелүү. Биз азыр табигый кырсыктарга реакция гана жасап жатабыз. Мисалы, Уттаракханд штатындагы суу ташкындан кийин көйгөйдү карап, тамыры мөңгүлөрдүн эригендигинде экени аныкталды. Бирок мындай коркунучтарга байкоо салып, алдын ала чара көрүү багытында иштер аз»,- дейт геология боюнча профессор Жеффрей Каргел.

Окумуштуулар азыркы учурда мөңгүлөрдүн толук ээрип кеттүү коркүнүчү бар экенин, ээриген мөңгүдөн улам жер көчкүсү катталып жатканын белгилеп өтүштү.