Гимн угуп, той ырларына бийлеген ит интернетти «жарып» жатат (видео)

Алматыда жашаган Мило аттуу ит сүйкүмдүү болгону менен, ошол эле учурда мекенчил видеолору аркылуу TikTok социалдык тармагында популярдуу болуп жатат. Бул тууралуу Tengri Life жазды.

Үй жаныбарынын ээси Темирлан итинин атактуу той ырларына кантип бийлегенин, лирикалык ырларды кантип угарын, жада калса гимнди угуу үчүн колун көтөрөрүн көрсөтөт. Видеолор интернетте миллиондогон көрүүлөрдү чогултуп, итти Мило эмес, Майлыбек деп атай башташты. Мисалы, бир видеосунда ит Казакстандын гимнин укканда жаткан жеринен түшүп, бир колун жерден көтөрөт. 

Темирлан маегинде анын максаты Милону атактуу кылуу эместигин белгиледи. Бирок ал ити популярдуу болуп, адамдарга видеолор жагып жатканына кубанычта. Анын айтымында, ит казак тилин түшүнөт. Ал итти күчүк кезинде алган жана аны үйрөтүү үчүн казакча гана сүйлөчү. Ал ошондой эле ит казакча мультфильмдер, ырлар менен чоңойгонун айткан.