Гиннесстин рекорддор китебине кирген дүйнөдөгү эң чоң ат өлдү (сүрөт)

Бийиктиги болжол менен 2,1 метрди түзгөн дүйнөдөгү эң узун ат катары белгилүү болгон 20 жаштагы Биг Жейк АКШда өлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалымат боюнча, АКШнын Висконсин штатындагы «Smokey Hollow Ranch» фермасы караган аттын бийиктиги болжол менен 2,1 метр, салмагы 1 тонна 136 килограммды түзгөн. Биг Жейк 2010-жылы дүйнөдөгү эң бийик бойлуу ат катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген.