Тайвандын түштүгүндөгү Дулиу шаарындагы Witch Cat Kwai рестораны крокодилдин этинен тамак жасады. Алар аны «Годзилла рамён» деп аташкан. Бул тууралуу CNN кабарлады.
Ресторандын ээси шорпо бөдөнөнүн жумурткасы, чочконун эти, жүгөрү, кургатылган бамбук, кара козу карын жана крокодилдин бутунан жасаларын билдирди. «Крокодилдин буттарын алуу жана тамакты даярдоо кыйын болгондуктан, күнүнө эки гана «Годзилла рамён» сатууга болот», — деди ал. Баасы бир табак үчүн $1500 тайвань доллары (50 доллардын тегереги).
Крокодилдин буту тазалангандан кийин спирт жана татымалдардын аралашмасы менен сүртүлөт. Андан кийин ашпозчулар аны эки саат кайнатып бышырышат. Жалпысынан, тамак даярдоо үч саатка жакын убакытты талап кылат.
Адаттан тыш тамак жегиси келген коноктор күтүү тизмесине кошулушу керек. Азыр каалоочулар августтун аягына чейин жазылып коюшкан.