Голливуддагы үрөй учурган кечелер. Жүздөн ашык адам Пи Диддини сексуалдык зомбулукка айыптап жатат

Жүздөн ашык адам рэпер жана продюсер Пи Диддини (Шон Комбс) сексуалдык зомбулукка айыптап, анын үстүнөн арыз жазганы жатат. Бул тууралуу адвокат Тони Базби билдиргенин CNN жазды. 

Тони Базбинин айтымында, кылмыш жасалган учурда 25 жабырлануучунун жашы жете элек болгон. Алардын бири 9 гана жашта, экинчиси 15 жашта болгон.

Алдыда боло турган соттук териштирүүлөрдө рэпер сексуалдык зомбулук, зордуктоо, мыйзамсыз заттар менен жыныстык катнашка чакыруу, сойкулукка мажбурлоо, сексуалдык ыдык жана жашы жете электерге сексуалдык зомбулук көрсөтүү боюнча айыптар тагылат. Адвокаттын айтымында, кылмыштардын айрымдары Пи Диддинин атактуу кечелеринде, башкалары кастингдерде болгон. Тони Базби ошондой эле кол салуудан мурун жабырлануучуларга таттуу суусундук берүү кадимки көрүнүш болуп калганын айтты. Суусундукка белгисиз затты аралаштырып беришкен. Пи Диддиден тышкары соттук териштирүүлөр кол салууларга катышкан же аларды жаап-жашырууга жардам берген адамдарга, ошондой эле кылмыштар тууралуу билген, бирок аларды токтотуу үчүн эч нерсе жасабаган күбөлөргө каршы айыптарды коёт.

Эскерте кетсек, Пи Дидди 16-сентябрдан бери сексуалдык иш үчүн адам сатуу жана опузалап акча талап кылуу деген айып менен камакта кармалып келет. Март айында анын үйүн тинтүү учурунда миңден ашык бөтөлкөдө балдарга арналган май табылган. Рэпер өз күнөөсүн мойнуна албай, эки жолу 50 миллион доллар күрөөгө бошотууну суранган, бирок сот аны камактан бошотуудан баш тарткан.

Пи Дидди кармалгандан кийин анын рэперлер Тупак, Notorious B.I.G жана ырчы Алиянын өлүмүнө катыштыгы бар деген имиштер чыкты. Ошондой эле ал Жастин Бибер менен Ашерге карата кандайдыр бир кылмыштарды жасашы мүмкүн деген божомолдор дагы тарады. Анткени атактуулар жаш кезинде продюсердин «камкордугу астында» көп убакыт өткөргөн.

Пи Диддинин чуулгандуу “ак кечелеринин” катышуучуларынын арасында Леонардо Ди Каприо, Уилл Смит, Майкл Жексон, ханзаада Гарри, Рианна, Сара Жессика Паркер, Пэрис Хилтон жана башка көптөгөн белгилүү музыканттар жана актёрлор-актрисалар бар.