«Головоломка 2» эң көп киреше тапкан мультфильм катары тарыхка кирди

«Головоломка 2» тасма тарыхындагы эң көп касса чогулткан анимациялык фильм катары жаңы рекордду койду. Бул тууралуу The Hollywood Reporter басылмасы жазды.

Аталган мультфильм 40 күндүк дүйнөлүк прокатта 1,46 миллиард долларды чогултуп, муну менен буга чейинки лидерди «Холодное сердце 2» (1,45 миллиард доллар) мультфильмин ашып өттү.

Pixar студиясы соцтармактагы баракчаларында күйөрмандарына куттуктоо кагазын бөлүшүү аркылуу ыраазычылык билдирди.