«Головоломка 2» мультфильминин тизери 1 күндө 157 миллион кароо топтоду

«Головоломка 2» мультфильминин дебюттук тизер-трейлери 24 сааттын ичинде YouTube жана социалдык тармактарда 157 миллион көрүүнү чогулткан. Буга чейинки рекордчу «Холодное сердце 2» тасмасынын трейлери болгон (116,4 миллион).

Мультфильм Райли аттуу кыздын жашоосун баяндайт. Жүрүм-турумду башкарган эмоциялар анын жана башка адамдардын башында жашайт. Алар кичинекей адамдар түрүндө берилген.