Гонконгдо коронавируска каршы эмдөөдөн кийин эки адам набыт болду

Гонконгдо кечээ, 13-мартта  коронавируска каршы эмдөөдөн кийин эки адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, көз жумган эки адамдын тең өнөкөт оорулары бар болгон. Алар март айынын башында коронавируска каршы эмдөө алып, андан көп узабай ооруканага жаткырылган. Каза тапкандардын бири — 80 жаштагы карыя кант диабети жана гипертониядан жабыркап келген. Анын өлүмүнө ичеги-карын илдети себеп болгон. Ал эми каза болгон экинчи адам — 67 жаштагы эркек кишинин да кант диабети жана гипертония оорулары болгон. Ал коронавирска каршы вакцинасын 2-мартта алган. 11-мартта маркум  күтүүсүз эс-учун жоготуп, ооруканага жаткырылган. Андан көп өтпөй эле көз жумган.

Белгилей кетсек, буга чейин да Гонконгдо COVID-19га каршы вакцина алгандан кийин 8 адам набыт болгон.