Греция 2022-жылы Пекинде өтө турган Олимпиада отун күйгүздү (видео)

Грецияда 2022-жылы Пекинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынын оту күйгүзүлдү. Бул тууралуу ТАСС жазып чыкты. Анда актриса Ксанти Георгиу параболикалык күзгүнүн жардамы менен отту күйгүзгөн. 

Грециядагы Олимпиада отунун эстафетасынын биринчи факелчиси лыжачы Иоаннис Антониу болгон. Коронавирустун чектөөлөрүнө байланыштуу Грецияда салттуу Олимпиада отунун эстафетасы жокко чыгарылды. Аны байыркы стадиондон азыркы Олимпиадалык оюндардын негиздөөчүсү — француз барон Пьеру де Кубертенунун эстелигине чейин гана алып барышат, андан кийин Афинанын Акрополь бийиктигине жеткиришет, ал жерде түн өткөрөт. 

19-октябрда от кытайлык делегацияга тарыхый ак мраморлуу «Панатинаикос» стадионунда расмий түрдө берилет, ал иш-чарага да жарандар катыша алышпайт. Отту аталган стадиондон Пекин Олимпиадасына катыша турган лыжачы Параскеви Ладопулу алып келет.

Кышкы Олимпиада Пекин шаарында 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралына чейин, Паралимпиада оюндары 4-13-мартта өтөт.